Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 02.09.2019 12:30

Нарында 400 милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлгө алууда

Turmush -  Жаңы окуу жылынын башталышына карата Нарын облусунун аймагында 400дөн ашык милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлгө алууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 2-сентябрда Кыргызстандын бардык билим берүү жайларында жаңы окуу жылынын башталышына карата майрамдык иш-чаралар өтүп жатат.

«Бүгүнкү күндө Нарын ОИИБдин кызматкерлери облустагы бардык билим берүү мекемелерине бөлүнүп, окуучулардын, ата-энелердин коопсуздугун сактоо максатында күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Облус боюнча жалпы 400дөн ашык милиция кызматкерлери жер-жерлерде кызмат өтөп жатышат», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×