Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 31.08.2019 12:28 На русском

Нарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу куралдары тапшырылды

Turmush -  Кечээ, 30-августта Нарын шаарында жергиликтүү фонддордун бири тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу куралдары тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, китептер Эгемендүүлүк майрамына жана Билим күнүнө карата тапшырылган. Ар бир балага 1000 сомго даярдалган окуу куралдары салынган китепкаптар берилди. Балдар уюмга кайрылган үй-бүлөлөрдүн тизмесинин негизинде тандалган. Бул акция жыл сайын уюштурулуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×