Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 30.08.2019 10:00

Эгемендүүлүк күнү: Нарын шаарында майрамга даярдыктар жүрүп жатат

Turmush -  Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 28 жылдыгын майрамдоо максатында даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Учурда борбордук аянтта маданият кызматкерлеринин жана орто, жогорку окуу жайларынын студенттеринин катышуусунда майрамдык программага даярдыктар жүргүзүлүүдө. Ага 400гө чукул адам тартылган. Салтанаттын жүрүшүндө белгилүү коомдук жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата каармандын ишмердүүлүгү чагылдырылган театрлаштырылган оюн көрсөтүлөт. Өнөр адамдарынын чоң программадагы концерти тартууланат.

Ошондой эле «Ала-Тоо» стадионунда спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×