Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 29.08.2019 15:24

Нарын ОИИБдин өздүк курамы саптык кароодон өттү

Turmush -  Бүгүн, 29-августта Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы саптык кароодон өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлери Эгемендүүлүк күнүнө жана жаңы окуу жылынын башталышына карата 30-августтан 3-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте иштешет.

«Бул күндөрү облус аймагында өтө турган иш-чараларда коопсуздукту сактоо максатында ыкчам иш-чараларды жүргүзөбүз. Буга 400дөн ашык ички иштер кызматкерлери жана элдик кошуундар тартылат», - деди ОИИБдин башчысынын орун басары М.Турпанбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×