Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 29.08.2019 08:19

Август кеңешмеси: Нарында 22 билим берүү мекемеси авариялык абалда

Turmush -  Нарын шаарында билим берүү кызматкерлеринин облустук август кеңешмеси өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кеңешмеде облустук усулдук билим берүү борборунун директору Казымбек Мамытов өткөн окуу жылындагы аткарылган иштерди белгилеп, жаңы окуу жылындагы алдыдагы милдеттер боюнча баяндама жасады. Кеңешменин ишине өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери, мугалимдер, тарбиячылар катышты.

«Өткөн окуу жылында облуста 141 мектеп иш алып барды. Анда 58 295 окуучу билим алып, 5 558 мугалим эмгектенди. Алардын ичинен 5 145и жогорку билимдүүлөр. 2018-2019-окуу жылында «Алтын тамга» аттестатына 13 окуучу татыктуу болду. Республикалык олимпиададан 6 окуучу 1-2-3-орундарды камсыз кылды. Эки бүтүрүүчү «алтын сертификатка» ээ болду.

Облус боюнча 31 объектиде курулуш иштери башталган. Бирок учурда 12 объектиде акча каражатынын жоктугунан курулуш иштери токтоп турат. 22 билим берүү мекемеси авариялык абалда. Тактап айтканда, 18 мектеп, 4 бала бакча. Жалпы облус боюнча 675 бала жайкы лагерлерде эс алды», - деди Мамытов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×