Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 28.08.2019 08:50 На русском

Сүрөт — Нарында эски суу түтүктөрү жаңыланууда

Turmush -  Нарын шаарындагы Ж.Алаев көчөсүндөгү таза суу түтүктөрү жаңыланууда. Бул тууралуу мэриянын башкы адиси Абдылда Ибраев билдирди.

Аталган көчөдө жалпы узундугу 230 метр болгон суу түтуктөрүн алмаштыруу каралган. Жумуштарды «Профит Экспресс» ЖЧКсы жүргүзүүдө. Каражат Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан долбоорлорго бөлүнгөн каражаттан үнөмдөлгөн акчадан бөлүнгөн.

Абдылда Ибраевдин айтымында, буга чейин көп жылдардан бери пайдаланылып келген суу түтүктөрүнүн эскилиги жетип, бир катар көйгөйлөрдү жаратып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×