Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 27.08.2019 17:07

Нарын шаарында ата-энелер жана балдар үчүн ресурстук борбор ачылды

Turmush -  Нарын шаарында ата-энелер жана балдар үчүн ресурстук борбор ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

21-августта Нарын шаарында Эсенгул Ибраев атындагы Нарын райондук китепкананын базасында ресурстук борбордун ачылыш аземи болуп өттү.

Борбордун максаты — билим берүү системасын колдоо менен кенже курактагы балдардын китеп окуусун жакшыртуу болуп эсептелет. Балдар жана ата-энелер эрте өнүгүү үчүн окуу китептерин, окуу материалдарын жана новатордук технологияларды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул өз кезегинде китеп окуу аркылуу балдардын билим процессине ата-энелердин активдүү катышуусу менен үй-бүлөдөгү мамилелерди бекемдөөгө жана жаш балдардын өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет.

Айылдагы балдар борборго келип, китептерди окуп, оюндарга катышып жана агартуучулук телепрограммаларды, мультфильмдерди көрө алышат. Ата-энелер да балдарына иш-чараларды уюштуруп, ошондой эле жаш балдарды тарбиялоо жана китеп окутуу мастер-класстарга жана тренингдерге катышат. Ресурстук борбор кыргыз, орус жана англис тилдериндеги балдар китептери менен толукталган. Ошондой эле өнүктүрүүчү оюнчуктар, IT жабдуулар менен эмеректер, ноутбук, түстүү принтер, проектор экраны жана маркердик такта менен жабдылган. Борбордун жабдылышына демөөрчүлөр 374 000 сом бөлүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×