Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 27.08.2019 13:59 На русском

Нарын шаарындагы базарда жол эрежесин бузган 92 айдоочу айыпка жыгылды

Turmush -  Нарын шаарындагы борбордук базарынын ичи иретке келтирилип, жол эрежесин бузган айдоочуларга протокол түзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук ЖКККБнын инспектору, милициянын капитаны Калыс Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, базардын ичиндеги жөө жүргүнчүлөргө тоскоолдук жараткан автоунаалар алдырылган.

«Нарын облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан 2019-жылдын 26-август күнү жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иштер жүрдү. Нарын шаарындагы базарды иретке келтирүү, жол кыймылынын катышуучуларына шарт түзүп берүү максатында Сагынбай Орозбаков, Шуллер көчөлөрүндөгү туура эмес токтоп, башка айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө тоскоолдук жараткан автоунаалар менен соода-сатык жүргүзүүчү жай катары колдонулган автоунаалар алдырылды. Ошондой эле жол эрежесин бузган 92 айдоочуга протокол түзүлүп жана айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», - деп билдирди Калыс Өмүрзаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×