Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 27.08.2019 11:32

Нарында бир баланы мектепке даярдоо үчүн канча каражат сарпталууда?

Turmush -  Быйылкы окуу жылында ата-энелер балдарын болушунча акчаны үнөмдөп кийиндирүүгө аракет кылышууда. Аймактык кабарчы базар баасына күбө болуп, ата-энелерге сурамжылоо жүргүздү.

Нарын шаарынын тургуну Асия Асылбекова небересин окууга даярдоого 7-8 миң сомдун айланасындагы акча каражаты кеткенин айтат.

«Неберем 5-класста окуйт, мектепке даярдап жүргөм. Кийимдерин, бут кийим, окуу куралдарын кошкондо 7-8 миң сом кетет экен. Базардан баарын арзандатып алганга аракет кылдым», - деди ал.

Нурпери Базарбаева Нарын шаарынын тургуну: «Менин балам 3-класста окуйт. Калган балдарым кичинекей. Баламдын сумкасына 400 сом, спорттук формасына 1200 сом, кепкасына 300 сом, костюмга 1500 сом, ак көйнөккө 400 сом, спорттук бут кийимге 1400 сом кетти. Майда-чүйдөлөрүн кошкондо 5000 сом сарпталды», - деди.

Нарын базарындагы соодагер Жаркын Бийназарова баланы мектепке даярдоонун орточо баасын айтып берди.

«Ата-энелер орто эсеп менен 5000 сомдон 15 000 сомго чейин сарптап жатышат. Кийимдердин баасы сапатына жараша болот. Ата-энелер балдарына сапаттуу кийимдерди алып беришсе, 20 000 сомго чейин каражат сарпталат», - деди ал.

Орточо эсеп менен:

- Ак көйнөк 200 сомдон 600 сомго чейин;
- Юбка, сарафан 200 сомдон 1000 сомго чейин;
- Формалар 1200 сомдон 2800 сомго чейин;
- Спорттук кийимдер 600 сомдон 4000 сомго чейин;
- Окуу куралдар 2000 сом;
- Сумка 350 сомдон 650 сомго чейин;
- Бантик 50 сом;
- Колготки 150 сомдон 250 сомго чейин;
- Майка 50 сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×