Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 26.08.2019 18:02

Нарын шаарында жол чырактар коюлуп, белгилер орнотулууда

Turmush -  Жаңы окуу жылына карата Нарын шаарынын айрым көчөлөрүнө жол чырак, белгилер орнотулуп, жол чийиндери жаңыланууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук ЖКККБнын инспектору, милициянын капитаны Калыс Өмүрзаков билдирди.

«Нарын облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу жана жаш өспүрүмдөр арасында жол кырсыктарын болтурбоо максатында мектептердин алдындагы жолдорго кароо жүргүзүлүүдө. Нарын шаардык мэриясына жана райондордогу айыл өкмөт башчыларына көрсөтмө, сунуштар берилип, Нарын шаарынын Сагынбай Орозбаков менен Шуллер көчөлөрүнүн кесилишине жол чырак орнотулуп, көчөлөрдүн кесилиштеринде жол чийиндер жана жөө адам өткөөлдөрү чийилип, тиешелүү жол белгилери орнотулууда», - деди Калыс Өмүрзаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×