Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 23.08.2019 20:02

Нарын шаарында жумушсуз жаштарга акысыз кесиптик билим берүү башталды

Turmush -  Нарын шаарында 18 жаштан 28 жашка чейинки жумушсуз жаштарга акысыз кесиптик билим берүү башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Долбоордун фасилитатору Кылычбек Мамбеталиевдин айтымында, жаштар өздөрү каалаган кесиптин ээси болуп чыгышат.

«Иш-чарага жаш ишкерлер жана жумушсуз жаштар чакырылды. 40 адам өздөрү кызыккан кесипти тандап, 6 топко бөлүнүп окушат. Алар 1 ай билим алышып, чачтарач, кондитер, гид, слесарь-сантехник, ширетүүчү жана кийим тигүүчү кесиптеринин ээси болушат. Ошондой эле эл аралык деңгээлдеги сертификаттарды алышат. Аларга Нарын шаарында жумуш орду менен камсыз болуусуна да көмөк көрсөтөбүз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×