Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 23.08.2019 12:33

Нарындагы 86 бала көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Turmush -  Нарын облусундагы мектеп жашындагы 86 бала Ысык-Көлгө жайкы эс алуу лагерине жөнөп кетишти. Бул тууралуу облустук кесиптик бирликтер кеңешинен билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын арасында билим берүү, энергетика, медицина, айыл чарба тармагында, мамлекеттик кызматта эмгектенгендердин балдары бар. Алар ден соолукту чыңдоо борборлорунда 10 күн эс алып кайтышат.

Балдар үчүн лагердегилер ар кандай темада маданий иш-чараларды уюштурушуп, көл өнөрчүлүк жана улуттук каада-салттар боюнча мастер-класстарды өткөрүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×