Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 23.08.2019 09:53

Нарын шаарында кооптуу жерлерде бекемдөө иштери жүрүп жатат

Turmush -  Нарын шаарында 81 кооптуу кокту бар. Анын ичинен 17 кокту эң кооптуу болуп эсептелет. Учурда бул жерлерде бекемдөө иштери жүргүзүлүп, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында габион коюлуп жана арыктар салынып жатат. Бул тууралуу мэриянын башкы адиси Абдылда Ибраев билдирди.

«БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын негизинде акча каражаты берилген. Ушул жылдын июль айында Чоң-Алыш көчөсүндөгү коктунун тушундагы үйдү суу каптап кеткендиктен габион төшөлүп, арык салынып, цементтелип жатат. Мындан тышкары Москва чөлкөмүндө турак үйлөр көбөйүп кеткендиктен тоо бетинен түшкөн агын суулар сиңбей, турак үйлөргө кооптуулук жаратууда. Ошондуктан бул жерлерге да арыктар салынууда. Алдын алуу иштерин жүргүзүүгө облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы тарабынан габион, цементтер берилсе, Нарын шаардык мэриясы таш жана техника жактан жардам берип жатат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×