Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 22.08.2019 15:51

Видео — Нарын шаарында 1 жыл мурун асфальтталган жол чөгө баштады

Turmush -  Нарын шаарындагы С.Орозбаков атындагы көчөнүн жолу чөгө баштады. Бул тууралуу шаар тургундары билдиришти.

Шаар тургуну Сайкал Жолдошбекова аталган көчөнүн чөгүп жатканы адамдарга кооптуу экенин айтат.

«Бул көчө 1 жыл мурун асфальтталган. Аз убакыт өтпөй эле асфальт чөгө баштады. Өтүп бара жаткан унаага гана кооптуу болбостон жөө адамдарга да зыяны тийип калышы мүмкүн. Андыктан ушул жолдун курулушун жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү көзөмөлгө алып коюшун өтүнөт элем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×