Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 21.08.2019 16:28

Президент Нарын шаарындагы мурунку сүт заводдун ачылышына катышты. Сүрөт

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын шаарындагы мурунку сүт заводунун ачылышына катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 21-августта президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна эки күндүк иш сапары менен келген.

Мурунку сүт заводу реконструкцияланып, сүт азыктарын кайра иштете баштады. Эми күнүгө 150 тоннага чейин сүт иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Азырынча сүттүн көлөмү аз болгондуктан каймак, май жана сыр өндүрүлүп жатат.

Сүт заводу жеке ишкердин демөөрчүлүгү менен ишке кирди. Ишкананын ачылышы менен жергиликтүү тургундардан 30 адам жумуш орду менен камсыз болду.

Заводго учурда Нарын облусунун бардык аймактарындагы жергиликтүү фермерлерден уйдун сүтү кабыл алынууда. Сүттүн майлуулугуна жана сапатына жараша кабыл алынат. Күнүнө аз дегенде 150 литрден сүт алынып келет.

«Сүт-Азык» жабык акционердик коомунун директору Жолдошбек Айтакуновдун билдиргенине караганда, сүт заводу 100 млн сомдун тегерегиндеги каражатка оңдолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×