Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 21.08.2019 15:01

Нарында коомдук транспорттун айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Turmush -  Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобустардын айдоочуларына жол коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Нарын облусунда жалпы 47 маршруттук каттам бар. Анын ичинен 31 шаар аралык, 14 айыл аралык жана Нарын шаарынын ичинде эки каттам жүргүнчүлөр үчүн кызмат көрсөтөт.

ЖКККБнын кызматкерлери айдоочуларга жол эрежелерин сактап, жүргүнчүлөргө маданияттуу мамиле жасоону өтүндү. Ошондой эле, коомдук транспорттун тазалыгына көңүл бурууну айтышып, айрым айдоочуларга эскертүү берилди. Иш-чаранын жүрүшүндө айдоочулар өздөрүн кызыктырган суроолорду беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×