Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 20.08.2019 18:59

Нарын облусундагы 5 калктуу конуш айыл категориясына кирди

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзамга (жалпы 31 калктуу конуш) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга 19-августта кол койду. Өлкө башчынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, бул мыйзам 2019-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү менен алардын макамы көтөрүлүп, өзүнчө администрациялык-аймактык бирдик катары жергиликтүү жамааттарга жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү укугу берилет.

Нарын облусундагы 5 калктуу конуш айыл макамын алды:

— Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Ак-Чий калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Ак-Чий айылы деп аталсын.

— Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Оро-Башы калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Оро-Башы айылы деп аталсын.

— Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Тармал-Саз калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Тармал-Саз айылы деп аталсын.

— Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Узун-Булак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Узун-Булак айылы деп аталсын.

— Нарын районунун Сары-Ой айыл аймагынын Сары-Ой калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Сары-Ой айылы деп аталсын.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×