Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 14.08.2019 13:00 На русском

Жаш талант: Нарында жарма сатып, күнүгө 1500 сомго чейин киреше тапкан жаш ишкер

Али Асаналиев
Али Асаналиев

Turmush -  Нарын шаарынын 15 жаштагы тургуну Али Асаналиев 4 жылдан бери сезон убагында жарма сатат. Аны менен бирге мал дагы багып киреше табууда. Али менен аймактык кабарчы кызыктуу маек курду.

Өзүнүн айтымында, жармадан күнүгө 1000 сомдон 1500 сомго чейин киреше түшөт. Аларды апасына берет жана мектепке кийим-кече, окуу-куралдарын даярдайт.

«Үй-бүлөдө 6 бир туугандын бешинчисимин. Учурда үйдө апам, карымдашым үчөөбүз турабыз. Агаларым, эжелерим турмуш курушкан. Бой жетип калган соң үйдө жөн жатпай, 5-класстан бери сезон сайын жарма сатып, киреше таап келем. Апам күнүгө 70-80 литрден жарма жасап берсе, аны карындашым экөөбүз шаардагы базарга алып чыгып, литрин 20 сомдон сатабыз. Андан эч тартынбайм. Мени менен тең балдар мындай киреше табуудан намыстанышат. Анын эч кандай уяты жок деп ойлойм. Тескерисинче апама жардам берип, тапкан кирешем тамаш-аш жана мада-чүйдөлөргө керектелет. Быйыл жармадан түшкөн акчага апамдын көңүлүн көтөрүп, заманбап үлгүдөгү чөнтөк телефон белек кылдым.

Былтыркы жылдын сентябрь айынан тарта кошунабыздын малын карап, айына 2000 сом айлык маяна да алам. Азыркы тапта 1 уй, 2 койго түшкү жана кечки жемин берип, аларды карайм. Кышында 15 койго көбөйөт. Тапкан кирешелериме карындашым экөөбүз мектепке даярдык көрүүдөбүз», - деди ал.

Али Асаналиев мындан тышкары картон кагаздан жана желим бөтөлкөдөн жүргөн оюнчук унааларды жасайт.

«Кичинекей кезимден эле сыналгыдан түркүн-түстүү унааларды көрүп, аларга аябай кызыкчумун. Ошол кызыгуунун арты менен картон кагаздан, желим бөтөлкөдөн жүргөн оюнчук унаа жасап калдым. Бул менин хоббим десем болот. Учурда бош убактымда бөбөктөрүмө унаанын түрүн жасап берем. Бирок алар бат эле бузуп коюшат (күлүп). Келечекте кыргыз жармасы менен дүйнөгө белгилүү жеке ишкер болсом дейм. Ошондой эле алгачкылардан болуп Кыргызстандан унаа чыгарып, мекениме салымымды кошкум келет», - деди ал.

IMG-20190803-WA0058

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×