Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 12.08.2019 15:03

Нарында күч кызматкерлеринин арасында өткөн футболдун жеңүүчүлөрү сыйланды

Turmush -  Нарын шаарында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин арасында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата жана ички кызматтын подполковниги, маркум Тилек Абылгазиевдин жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча мелдеш уюштурулду.

Аймактык кабарчы билдиргендей, ага бардыгы болуп 8 курама команда катышты. Мелдештин максаты — күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин арасында ынтымакты бекемдөө жана ден соолукту чыңдоо.

Оюндун жүрүшүндө командалар мыкты даярдыкта экенин көрсөтүп, футбол күйөрмандарына кызыктуу оюн көрсөтүштү. Мелдештин финалдык беттеши атаандаштыкта өттү. Ал беттешке сот кызматкерлеринин жана Нарын шаардык күзөт бөлүмүнүн курама командасы чыгып, сот кызматкерлери атаандаштарын жеңилүүгө аргасыз кылышты. Оюн 3:1 эсебинде аяктап, сот кызматкерлери мелдештин кубогун жеңип алышты.

2-орунду Нарын шаардык күзөт бөлүмү, 3-орунду ӨКМдин командасы ээледи. Жеңүүчүлөргө Нарындагы жаза аткаруу кызматынын тиешелүү даражадагы диплому жана медалдары тапшырылды. Ал эми Калыс Анварбеков «Мыкты бомбардир», Элдияр Сыдыков «Мыкты чабуулчу», Айбек Турдукулов «Мыкты дарбазачы» наамдарына ээ болуп, баалуу белектер берилди.

Мелдешке маркумдун бир туугандары демөөрчүлүк кылып, командаларга акчалай сыйлыктарды тапшырышты.

Тилек Абылгазиев көп жылдар бою жаза аткаруу кызматында эмгектенген. Кызмат учурунда кылмышкерлердин колунан каза тапкан. Анын жаркын элесине туугандары жыл сайын спорттук мелдеш өткөрүп келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×