Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 12.08.2019 09:48 На русском

Айыл турмушу: С.Мамбетакунова күйөөсү менен чогуу айлыкка 6 бөлмөлүү үй курган

Turmush -  Нарын шаарынын 73 жаштагы тургуну Сайра Мамбетакунова аял кишинин жетишкен ийгилиги — үй-бүлө экенин баса белгилейт. Баатыр эне менен аймактык кабарчы таанышты.

Сайра Мамбетакунова 1946-жылы Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында туулган. Анын 3 уул, 5 кызы, 30 небере, 4 чөбөрөсү бар.

«Жаш кезимде Нарын шаарында бухгалтер, экономист болуп иштедим. Азыр ардактуу эс алуудамын. 3 эркек, 5 кызым бар. Баары билимдүү. Жаш кезде көп баланы тарбиялап, ошол эле маалда мамлекеттик кызматта иштеп, көп кыйынчылыктар болду.

Ат-Башы айылындагы Ленин атындагы №1 орто мектепти бүтүп, 20 жашымда турмушка чыктым. Каржы техникумунда окугам. 3 бир туугандын улуусумун, 2 иним бар. Атам союз убагында партиялык кызматтарда иштеп жүрүп каза болду, апам үй кожейкеси болчу. Мектепте окуп жүргөндө волейболду жакшы ойночумун. Спартакиадага Нарынга кетчүбүз.

21 жашымда биринчи кызымды төрөдүм, балдарымдын ортосу 3 жаштан. Азыр уулубуздун колундабыз. Аял кишинин жетишкен ийгилиги үй-бүлөдө болот. Балдарын эл катарына кошуп, өз жолуна салуу — эң чоң жетишкендик.

Чоң кызматтарда дагы иштедик, кызмат бирде бар, бирде жок. Эң негизгиси ак эмгек менен иштөө керек», - деди ал.

Сайра Мамбетакунова 15 жыл экономист, 22 жыл бухгалтер болуп эмгектенген.

«Азыр мамлекет баатыр энелерге 1000 сомдон берип жатат. Менин оюмча, баатыр энелерге бир жылда бир жолу эс алууга жолдомо берип коюшса жакшы болмок. Кээ бир баатыр энелер пенсиясы менен чогуу 2-3 миң сом алышат. Бул жетишсиз», - деди ал.

Баатыр эне жолдошу менен айлыктын көзүн карап, 6 бөлмөлүү там курушканын айтты.

«Үй-бүлөдө акчаны сарамжалдуу кармаса баарына жетет. Айлык менен үй курдук. Кыйынчылык болду», - деди ал.

Анын 4 уулу, 1 кызы электр тармагында иштешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×