Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 09.08.2019 11:59

Нарындын мэри Чехиядагы мелдеште 1-орунду алган жаш хоккейчилерди кабыл алды

Turmush -  Нарын шаарында эл аралык мелдештен жеңиш менен кайткан жаш хоккейчилерди жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү кабыл алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Чехияда 2009-2010-жылдары туулган балдар арасында хоккей боюнча өткөн эл аралык турнирде Кыргызстандын курама командасы 1-орунду жеңип алган. Курама команданын катарындагы Нарын шаарынын тургуну Алманбетов Барсбек (4-класстын окуучусу) дагы жакшы жыйынтык көрсөткөн.

Ошондой эле В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиянын 6-классынын окуучусу Нурэл Жамансартов Россиянын Челябинск шаарындагы хоккей оюну боюнча улан-кыздар спорт мектебине окууга кабыл алынды. Бул мектептен Макаров, Быков, Кузнецов сыяктуу атактуу хоккейчилер чыккан.

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов Кыргыз хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов баштаган хоккейчилерди кабыл алып, аларды жеңиши менен куттуктады. Ал Нарын шаарында жабык муз аянты ачылгандан бери хоккейге болгон кызыгуу пайда болгонун белгилеп, Кыргыз хоккей федерациясы тарабынан дагы колдоо болуп жатканын айтты.

Ошондой эле Нарын шаары менен Челябинск шаарынын ортосундагы кызматташуу хоккейди өнүктүрүүгө стимул берип келгенин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×