Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 03.08.2019 11:17

Нарында футбол калыстары үчүн семинар уюштурулду

Turmush -  Нарын шаарында футболду өнүктүрүү жана калыстарды даярдоо максатында семинар өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, Футбол федерациясы уюштурган семинарга райондордон келген 15 футбол калысы катышты. Алар футболдогу эрежелердин өзгөрүшү жана калыстардын жүрүм-туруму боюнча маалымат алып, билими боюнча тесттен өтүштү. Окутуу теория жана практика жүзүндө өттү. Федерациянын калыстары катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×