Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 03.08.2019 10:33

Нарын шаарында коомдук жайларда илинген көрнөк-жарнактар текшерилди

Turmush -  Нарын шаарында коомдук жайларда илинген көрнөк-жарнактар текшерилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү көрнөк-жарнактарда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү» мыйзамынын талаптарынын сакталышы боюнча рейд өткөрүштү. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен шаардагы бир катар жеке менчик соода түйүндөрүндөгү жана кызмат көрсөтүүчү жайлардагы жазуулар мамлекеттик тил мыйзамына туура келбегендиги жана эскилиги жетип, айрылып-тытылып калганы аныкталды. Алардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, сентябрь айына чейин кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүү берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×