Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 02.08.2019 20:40

Нарында зыяндуу чегирткелерди жок кылуу иштери жүрүп жатат

Turmush -  Нарын облусунун аймагында айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян алып келе турган зыяндуу чегирткелерди жок кылуу иштери жүрүп жатат. Аны айыл өкмөттөр жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы колго алышкан. Бул тууралуу Нарын регионалдык химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн башчысы К.Оторбаев билдирди.

«Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал жана Нарын райондорунда зыянкечтерге каршы иштер жүргүзүлдү. Райондор боюнча Ак-Талаада 16931, Ат-Башыда 29170, Жумгалда 6580 жана Нарын районунда 2433 га жер аянттары изилденип, облус боюнча 38243 га жер аянтына зыяндуу чегирткеге каршы химикаттар чачылды. Учурда талааларда чегирткеге каршы дары чача турган 6 унаа иштеп жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×