Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 02.08.2019 15:39 На русском

Нарын шаарындагы борбордук аянттын оңдоодон өткөндөн кийинки көрүнүшү кандай болот? Сүрөт

Turmush -  Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянты толугу менен реконструкцияланат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин аянтты реконструкциялоо долбоору шаардагы инфраструктуралык долбоорлордун катарында 2018-жылы иштелип чыгып, бул иштерге 25 миллион сомдун тегерегиндеги каражат зарыл болгондуктан каражат издөө аракеттери жүргүзүлүп келген.

Быйыл Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата аянтты реконструкциялоо боюнча өкмөткө берилген сунуш колдоого алынып, республикалык бюджеттен 19 миллион сом бөлүндү. Мындан сырткары Т.Усубалиевдин айкелин орнотууга жумшалуучу 6 миллион сомдун тегерегиндеги каражатты демөөрчү бермей болду. Жакынкы күндөрдө Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан тендер жарыяланып, реконструкциялоо иштери башталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×