Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 02.08.2019 13:47 На русском

Нарында дары ичип, ооруканага шок абалда түшкөн аялдын балтырына колдонулган ийне кирип кеткен

Turmush -  31-июлда Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын неврология бөлүмүнүн санитаркасы Кыял Ибраева ооруканага оор абалда жеткирилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын иниси Аскар Ибраев билдирди.

Ибраевдин айтымында, медайымдардын шалаакылыгынан Кыял Ибраеванын балтырына колдонулган ийне сайылып калган.

«29-июль күнү жумушка чыккан. Медайымдар колдонулган ийнени каны менен жылтырак баштыкка салып коюшкан экен. Эжем ошол баштыкты таштанды челекке ыргытып жатканда аталган ийне балтырына сайылыптыр. Эреже боюнча ийне сындырылып, атайын идишке салынып өрттөлөт эмеспи. Андай болгон эмес.

Эжем балтырына сайылган ийнени улуу медайымга көрсөткөн учурда ал «муну эч ким укпасын. Бул ишти ушул жерден эле жабалы, анализге тапшыртабыз» деп канын СПИД борборуна тапшыртышкан экен. Булар башка оорулар боюнча тапшыртышкан эмес. Ушул жерде күмөнүм жаралып жатат. 31-июлда СПИД борборунан анализ чыкмак экен. Анализи чыкпай калып, медайымдар эжеме телефон чалышыптыр. Анда алар «дарыны иче бер» деп айтышкан экен. Ал дары менин колумда турат, бул учеттогу дары экен. Аны адамга ВИЧ жукканда берет экен. Ошол дарыны ичип ууланганда ооруканага алып келдик. Дарынын таасиринен улам өзүн билбей, шок абалга түшүп калды. Оорукананын башчысынын орун басары келип, эжем кыйналып жатканын көрдү. Биздин талап — дарыны бергендерге, ийнени эрежеге ылайыксыз баштыкка салгандарга чара көрүү. Ал эми СПИДге тапшырган анализи таза чыкты», - деди ал.

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Самат Асаналиев бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Ал окуя боюнча бизде азыр териштирүү иштери жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаал жаралып кетсе, оорунун алдын алуу боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлүп, дарылар берилет. Бул мыйзамда жазылган. Дарыда аң-сезимди өзгөртүүчү эффект жок, бирок башка органдарга таасири тийиши мүмкүн. Азыр алдын алуу иштери кандай жүргүзүлгөндүгү боюнча материалдарды топтоп жатабыз. Алар топтолгондон кийин кенен маалымат бере алабыз.

Ооруканадан чыккан таштандыларды эки адам көзөмөлдөйт. Азырынча бул киши же тиги киши күнөөлүү деп айтыш кыйын болуп турат. Мыйзам боюнча ооруканадан чыккан медициналык таштандылар бөлүнүп салынышы керек. Курч же учтуу таштандылар ийне тешип кетпегендей кутуларга салынышы керек. Биз бул боюнча да териштирүү иштерин жүргүзөбүз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×