Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 31.07.2019 11:09

Нарын шаарынын Ак-Коргон аймагында ФАП курулуп жатат

Turmush -  Нарын шаарынын Ак-Коргон аймагында №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты курулуп жатат. Бул тууралуу курулуш фирмасынын жетекчиси Асылбек Арыкбаев билдирди.

Буга чейин бул аймактын тургундары үчүн медициналык мекеменин жоктугу көйгөй болуп келген. Алардын көйгөйүн чечүүгө чет элдик уюмдар жардамга келип, жаңы имарат курууга акча каражатын берген. Мындан тышкары бир курулуш фирмасы 406 миң сомду өздүк салым катары кошкон.

Жайдын башында баасы 2 миллион сомду түзгөн ФАПтын курулушу башталып, учурда пайдаланууга берилүү алдында турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×