Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 30.07.2019 18:36

Кылым тамаданы комуз менен чаап алып, «ай, бали, бали» деп кыйкырткан

Turmush -  Кылым Кастарбекова 2004-жылы Чүй облусунда туулган. Нарын шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинде быйыл 9-класска көчтү. Апасы үй кожойкеси болсо, атасы чек ара кызматкери. Ал 7 жашында комуз ийримине барып, музыкага аралаша баштаган.

«Атам чек ара кызматкери, Нарынга которулуп келди. 6-класстан бери Нарын шаарындагы Т.Сатылганов атындагы орто мектебинде билим алып жатам. Буга чейин 7 жашымдан баштап эле комузга кызыгып, Бишкек шаарындагы ийримдерге катышып жүргөм. Нарын шаарына келгенден кийин 1 жыл ийримдерге катышып жүрдүм. 2018-жылы Ж.Шералиев атындагы искусство мектебине киргем. Азыр ийримде 3-класста окуйм, дагы 2 жыл билим алам. Талант каныбызда бар болгондуктан комузду тандап алдым. Атама «комуз алып бериңизчи» десем алып берген», - деди ал.

Учурда Кылым Кыргызстандагы кароо-сынактардан байгелүү орундарды алып жүрөт.

«Жаш таланттар арасында кароо-сынактар өткөндө байгелүү орундарды алдым. «Жаш музыкант-2018» облустук кароо-сынагында баш байгени алгам. Акыркы убактарда республикалык деңгээлде өтүп жаткан «Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам» аттуу кароо-сынакта комуз чертүү боюнча баш байгени алгам. Кубок, Ысык-Көлгө эл аралык фестивалга жолдомо тапшырышкан. Комуз, фортепиано, гитарада ойногонду билем. Мурда бийге катышчумун.

Комуз тактыкты талап кылат. Жаңы үйрөнүп жатканда оор сыяктуу сезилген. Колдорум кесилип, тырмактарым сынган. Көнгөндөн кийин комузду таштагым келбей калды. Комуз аркылуу көп жерди көрөт экенсиң. Комузду чертсең, элдин баары таң калып, кунт коюп угушат. Атам комузду 4 жашымда сатып берген, азыркыга чейин колдоном. Жакында эле жаңы комуз алгам, аны дагы колдонуп жатам. Үйдөгүлөргө чертип берип, бөбөктөрүмө үйрөтүүдөмүн. Комуздан сырткары кийизден ар кандай буюмдарды жасайм. Апама тамак-аш бышырууга жардам берем. Келечекте кандай кесип тандасам дагы комузду бирге алып кетем деп ойлойм», - деди ал.

Үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусу.

«Менин апам Баткендин Кадамжай районунан болот. Былтыр таякемдин баласы үйлөнүп, комуз чертип берейин деп бардым. Комуздун үнү жакшы угулсун деп тамада микрофонду кармап берип жаткан. Комузду айландырып чертип жаткан маалда тамаданын башына комуз менен чаап алдым. Ошол эсимден кетпейт. Ал байке «ай, бали, бали» деп сөз менен жайкап кеткен болчу», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×