Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 31.07.2019 14:21 На русском

Нарындагы тургундар Т.Усубалиев атындагы аянттын каралбай калганына нааразы

Turmush -  Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтынын учурдагы абалы мышык ыйларлык, деп билдиришти тургундар.

«Борбордук аянттагы жер быйыл жакшы сугарылбагандыктан чөп чыкпай, гүлдөр өспөй, чирип кеткен. Отургучтар сырдалмак турсун мыктары бошоп чыгып калган. Мындан тышкары ар кайсы жерге ыргытылган таштандылар, талкаланган цементтер аянттын көркүн бузууда. Туристтер, коноктор ушул жерден эстеликке сүрөткө түшүшөт.

Нарын шаарында Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата иш-чаралар уюштурулуп, бирок ишмердин атын алып жүргөн аянт каралбай калганы өкүндүрөт», - деди шаар тургундары.

Быйыл, 2019-жылдын 2-февралында Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө боюнча президенттин жарлыгы чыккан. Мындан улам жер-жерлерде тиешелүү иш-чаралар уюштурулууда.

Ал эми Нарын шаарынын вице-мэри Давид Курманов жаздан бери реконструкция иштерин күтүп жатып, борбордук аянт жакшы каралбай калганын билдирди.

«Быйылкы жылы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтты реконструкциялоо боюнча өкмөткө сунуш берилген. Өкмөт тараптан акча каражатына байланышкан маселенин чечилишин күтүп калдык. Бүгүнкү күндө 19 миллион 700 миң сом чечилип жатат. Жакында тендер дагы жарыяланат. Ал бүтсө курулуш иштери башталат. Ошол себептен бул жак жакшы каралбай калды.

Ал эми отургучтардын абалы боюнча айтсам, тиешелүү мекемелер мыктарын кагып коюшу керек болчу. Бул боюнча тиешелүү чараларды көрөбүз. Мындан тышкары таштандылар жана талкаланган тосмолор боюнча шаар тургундарына айтарым, тазалыкты сактап, талкалоонун ордуна аяр мамиле жасоо керек», - деди ал.

Жашылдандыруу ишканасы бүгүнкү күндөн тарта отоо чөптөрдү тазалоо, сугаруу иштерин башташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×