Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 30.07.2019 13:34 На русском

Китепканачы У.Сатарова республикалык сынакта 1-орунду алды

Turmush -  Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында усулчулардын арасында өткөрүлгөн республикалык сынакта Упагүл Сатарова 1-орунду камсыз кылды. Бул тууралуу китепкананын директору А.Байгабатова билдирди.

709804.b50b849c1159453ce1ffe0829c20dcfe

Ал Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепканада усулчу болуп иштейт. Облустун аймагындагы китепканаларга усулдук жактан жардам берүүдө өзүнүн чыгармачылыгы менен эмгектенип келет.

709803.4b701fe9661a28172df80cfdb31e6603

«Китепканачылар арасында уюштурулган ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүүдө салымы зор. Иш-чарага жоопкерчилик менен мамиле кылат. Жакында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өткөргөн «Мыкты усулчу» сынагында өзүнүн мыкты даярдыкта экендигин көрсөтүп, берилген тапшырмаларды так аткарып, калыстардын жогорку баасына татыды. Ага 1-даражадагы диплом жана акчалай сыйлык тапшырылды», - деди директор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×