Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 30.07.2019 09:34 На русском

Тойдо меймандар менен мушташып, банк жетекчисин уят кылган Токтогон Нарындын вице-мэринен уруш жеген

Turmush -  Нарын шаарынын 30 жаштагы тургуну Токтогон Жукаев 7 жылдан бери чыгармачылык жолдо жүрөт. Ал иш үстүндө ар кандай кызыктуу окуяларга кабыларын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Анын ата-энеси да чыгармачыл адамдар.

«Өзүм Ак-Талаанын кулуну болом. Бирок Нарын шаарында төрөлүп, ушул жерде чоңойдум. Мектепте окуп жүргөн чагымда эле ата-энем райондук маданият үйүндө иштегендиктен аларды ээрчип алып, кошо ырдап жүрө берчүмүн. Мектепте майрамдык иш-чараларга активдүү катышар элем. Алгачкы жолу 9 жашымда чоң сахнага чыгып, ошондон улам кызыгуум мурдагыдан дагы күч алып, ырчы болууну чечтим. Орто мектепти ийгиликтүү бүтүрүп, Бишкек шаарындагы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин хор жана оркестр дирижерлугу факультетине барып, аны 2012-жылы аяктадым. Ушул жылдан тарта Нарын шаарында ырчы болуп эмгектенип келем. Күз мезгилинде Кыргызстандын бүт аймактарын кыдырып, гастролго чыгам.

Биз иш үстүндө дайыма кызыктуу окуяларга кабылып келебиз. Өзгөчө тойго кызмат көрсөтүп барганда ичкен меймандар менен көп алышабыз жана алар менен мушташка түшкөн күндөр дагы болот. Эсимде калганы, жаңы жыл күнү музыкант болуп бир тойканага баргам. Ар бир барган жеримде сөзсүз ичкен меймандар болуп, бизге тийишип турат. Аларды биз «бул биздин киши экен, той бүткөнчө алышат экенбиз» деп ойлоп коёбуз. Ушул күнү мага белгилүү бир банктын жетекчиси келип, «кесиптештериме куттуктоо» айтып кой деп 1000 сом берди. Ага кайра 800 сом кайрып бергем. Бир аз убакыт өткөн соң, кайра мага келип, «келе менин акчамды» деп сурады. «Байке сизге 800 сом санап бергем» дегениме карабай ызы-чуу салып кирди. Элдин бардыгы мени карап калгандыктан микрофонду алып, «бул байкеге акчасын санап бергем. Ал төш чөнтөгүнө салып кеткен» деп төш чөнтөгүнөн акча алып чыктым. Ал көрсө алганын унутуп коюптур. Менден аябай уялып кечирим сураган. Мындай жагдайлар көп эле кездешет.

Дагы бирөөсү эске түштү. Нооруз майрамында борбордук аянтта жандуу үн менен ырдап жатып, колонкалардын жаңырганы кулагыма угулду. «Жаңылып кетпейин» деп сахнанын четине чуркаган бойдон барып, андан кийин ырдагам. Ырдап бүткөн соң шаарыбыздын вице-мэри чакырып, «ай, сен эмнеге жандуу үн менен ырдап жатасың? Эл карап турса сахнанын четине чуркайсың. Жаздырып алып ырдабайсыңбы» деп урушканы эч эсимден кетпейт. Бирок анын урушканына карабай дайыма жандуу үн менен ырдап келем», - деди ал.

Токтогон Жукаев ысымы тууралуу буларды айтты.

«Апам Зарыл Дыйканбаева 11 уул-кызды жарык дүйнөгө алып келип, анын ичинен бешөөбүз гана калганбыз. Калгандары токтобой, улам чарчап калгандыктан эжемдин атын Токтобүбү, агамдыкын Токтобек, меникин Токтогон деп койгон экен. Бирок эжем учурда ысымын Асел деп өзгөртүп алган. Кыргызда «атына заты жарашкан» деген сөз бар. Ошондуктан ысымга жараша ишенүүлөр да болот окшойт», - деди ал.

Ырчынын жубайы Надира Султанбекова экөөнүн баш кошконуна быйыл 7 жылдын жүзү болду. Алардын 2 уулу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×