Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 29.07.2019 18:09 На русском

Нарын дарыясына түшүп кеткен эненин жансыз денеси табылды

Turmush -  Нарын дарыясына түшүп кеткен 61 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова билдирди.

Бүгүн, 29-июлда Нарын шаардык өрткө каршы бөлүмүнүн кызматкери «102» кызматына изделип жаткан аялдын жансыз денеси табылганын билдирген.

Маркумдун денеси саат 15:30 чамасында Нарын дарыясынан, тактап айтканда Нарын районунун Куланак айылынан табылган. Ал 5 баланын энеси болчу.

Буга чейин Нарын шаарында кечээ, 28-июлда Нарын дарыясына түшүп кеткен 61 жаштагы аял изделип жаткандыгы кабарланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×