Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 29.07.2019 13:52 На русском

«Кийимдери калып, өзү жок»: Нарын шаарында 61 жаштагы аял изделип жатат

Turmush -  Нарын дарыясына түшүп кеткен 61 жаштагы аялдын кийимдери табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2019-жылдын 28-июль күнү саат 14:05те Нарын ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө ӨКМдин Нарын шаарындагы бөлүмүнүн нөөмөтчүсү Нарын шаарынын Жаңы-Жол аймагынан, тактап айтканда Нарын дарыясынын түштүк тарабындагы жээгинен аял кишинин кийимдери табылгандыгын билдирген. Аталган жерге Нарын ШИИБдин ыкчам тергөө тобу барган учурда көк түстөгү жоолук, жашыл чыптама, кызыл түстөгү свитер, байпак жана көк түстөгү жайкы бут кийим табылган. Бул кийимдер 1958-жылы туулган А.Ж. аттуу аял кишиге таандык болгону аныкталган.

Учурда милиция кызматкерлери ӨКМдин Нарындагы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте издөө иштерин улантышууда.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы Нарын шаарында кечээ, 28-июлда Нарын дарыясына түшүп кеткен 61 жаштагы аял изделип жаткандыгын кабарлаган.

Маалыматка караганда, кырсык шаардын Алма-Бак тилкесинде болгон. Куткаруучуларга Нарын дарыясына 1958-жылы туулган А.Ж. аттуу аял киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иш-чараларына ӨКМден 18 куткаруучу тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×