Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 29.07.2019 10:57

Нарын шаарында дарыяга түшүп кеткен 61 жаштагы аял изделип жатат

Turmush -  Кечээ, 28-июлда Нарын шаарында Нарын дарыясына түшүп кеткен 61 жаштагы аял изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык шаардын Алма-Бак тилкесинде болгон. Куткаруучуларга Нарын дарыясына 1958-жылы туулган А.Ж. аттуу аял киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иш-чараларына ӨКМден 18 куткаруучу тартылды. Учурда издөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×