Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 28.07.2019 21:47 На русском

Чоң атам «кызым чоңойгондо банкта иштейт» деп мектебиме пенсиясын берип турат, - К.Жусупова

Turmush -  Нарын районунун Эмгекчил айылынын тургуну Керемет Жусупова 8 жашта. Ал учурда Нарын шаарындагы жеке мектептердин биринде билим алат. Эң алдыңкы окуучулардын катарын толуктаган Керемет менен аймактык кабарчы таанышты.

Кичинекей каармандын айтымында, аталган окуу жайга чоң атасы ай сайын пенсиясынан 7 миң сом төлөп турат. Ал эми чоң энеси кийим-кечесин алып берет.

«Жеке мектепке апам киргизген. Ал жакта жалаң “5” деген баада окуйм. Өзүмө жаккан кошумча ийримдерге барып турам. Азыр комуз черткенди дагы үйрөнүп калдым. “Кербезим”, “Пахта”, “Сулуу кыз” жана башка күүлөрдү билем. Чет тилдерден кытай, англис, орус тилин үйрөнүп жатам. Ошондой эле менталдык арифметика, физика сабагын дагы жакшы көрөм.

Чоңойгондо банкта иштеп, көп акча тапкым келет. Чоң атам мени чоңойгондо банкта иштейт деп пенсиясын окуума берип турат. Анткени мен окуган мектеп ай сайын акча алат. Энем болсо акчасын өзүмдүн апама берип, “кызыма кийим алып берип кой” дейт. Кийин көп акча тапсам, чоң атам, энем, атам, апам жана бөбөктөрүм болуп Париж шаарына эс алып келип турабыз.

Банкта иштеш үчүн мектепте, университетте жакшы окушум керек да. Мектепте жакшы окуп жатам. Кийин университетте да жакшы окуйм. Бош убактымда эшикке чыгып досторум менен ойнойм, бөбөгүмдү багам, үй иштерине жардамдашам жана комуз чертем», - дейт ал.

Керемет жакшы окугандыгы үчүн бир катар грамоталар менен сыйланган. Анын 80 жаштагы чоң атасы Жусуп Аскаров небересинин сапаттуу билим алышын каалайт.

«Менин кесибим мугалим болчу. Ал кесип менен иштеген жокмун. Илгери ферманын, аскер бөлүмдүн башчысы болуп эмгектенип жүрүп ардактуу эс алууга чыктык. Азыр болсо кемпирим экөөбүз уул-келиндин ысык чайын ичип, неберелерибиз менен эрмектеп үйдө эле отурабыз. 10 баланы татыктуу тарбияладык. 36 небере, 16 чөбөрөбүз бар. Негизи небере таттуу болот эмеспи. Ал эмне десе ошого даяр болосуң. Анын билимдүү, тарбиялуу, эч нерседен кем болбой эркелеп, күлүп-жайнап жүрүшүн эле каалайсың. Биз кемпирим экөөбүз тең неберелерибизге жакынбыз. Бул үйдөгү улуу неберем Кереметти Нарындагы жеке мектепке бергенбиз. Чындыгында ал жакта билим берүүнүн сапаты жакшы экен. Бардык шарттары каралыптыр, кошумча ийримдери дагы бар. Анын мектебине ай сайын пенсиямдан 7 миң сом төлөп турам. Неберең үчүн эч нерсеңди аябайсың. Бардык неберелерибизди жакшы көрөбүз. Алар менен эрмектеп, эркелетип отуруу биздин жумушубуздай эле болуп калды. Алар жокто кадимкидей куса дагы болобуз», - дейт чоң атасы Ж.Аскаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×