Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 27.07.2019 14:24 На русском

Үй-жайсыздар баш калкалаган имараттын айланасындагы ызы-чуу

Turmush -  Убагында «Нарын отун жөнөтүү» ишканасында бир канча жыл иштеп, менчиктештирүү болгондо үлүштөрүн ала албай калган кызматкерлер учурда өз үлүштөрүн алууга белсенишүүдө.

Алардын айтымында, Нарын шаарында жайгашкан «Нарын отун жөнөтүү» облустук ишканасы 1995-жылы 29-сентябрда АКК болуп өзгөргөн. Бул ишканага көмүр түшүрүлүп, кайра элге сатылчу. Кийинчерээк, тактап айтканда 2001-жылы жеке менчикке өткөн.

Нарын шаарынын тургуну Майрамгүл Исмаилова аталган ишканада 1997-жылга чейин башкы бухгалтер болуп эмгектенген.

«Бүгүнкү күндө «Нарын отун жөнөтүү» ишканасы боюнча чыр болуп жатат. Себеби мурда ушул ишканада иштеген жумушчулар бөлүнгөн үлүштөрүбүздү ала албай бүгүнкү күнгө чейин жүрөбүз. 1995-жылы 29-сентябрда мүлк фондусунун №21 токтому чыккан. Анда ишкананын эмгек жамаатына үлүш жер берилсин деп жазылган. Кызматкерлердин эмгек стажысына жараша бөлүнсүн деген токтомдордун баары колумда турат. Бул материалдардын баарын архивден алдык.

Мурда менчиктештирүү боюнча түшүнүк жок, эмгек китепчебизди колубузга алып кетип калганбыз. Ал маалда түшүндүрүү иштери болгон эмес. «Үлүштөрүңөр бар, алууга укугуңар бар» деп эч ким айткан эмес.

Биз Нарын облустук топбаза болуп турсак, муну илгери Нарын райондук мамлекеттик администрациясы Нарын шаарынын бир тургунуна саткан экен. Облустук мекеме болсок, кандайча райондук администрация сатат? Мунун баары туура эмес чыккан буйруктардын айынан болуп жатат. Эми баарын иликтеп, өз үлүштөрүбүздү алмайынча бул ишти таштабайм», - деди ал.

Нарын шаарынын тургуну Ишенбүбү Мондушова дагы убагында аталган ишканада жолдошу менен бирге эмгектенген.

«Жолдошум экөөбүз ушул ишканада 15-20 жыл иштегенбиз. Үлүш жерлерибизди албай кетип калганбыз. Кийин сатылган ишканалар мурда иштеген кызматкерлерин чакырып, үлүштөрүн берип жатат дегенди угуп, биздин башкы бухгалтерге кайрылгам. Ал архивден документтерди таап келди. Андан кийин ишканага келип, «үлүшүбүздү бергиле» десек, сатып алган балдар «бирөөнүн менчигин басып алып жатасыңар» деп бизди сүйрөп, кылбаганды кылышты. Мага эч нерсенин кереги жок, болгону жолдошум экөөбүздүн үлүшүбүздү беришсин. Өзүм 5 балага камкорчумун», - деди ал.

Нарын шаарынын тургуну Бакыт Жусупов аталган топбазаны 2017-жылы Нарынбек К. деген адамдан сатып алгандыгын айтат.

«Колубузда документ турат. Нарынбек К. деген адамдан сатып алганбыз. Ал киши өз учурунда банктан сатып алган. Эжелер көчүрмө кагаздарды көтөрүп келишти. Ал күчүндө барбы же жокпу, органдар өзүлөрү чечпесе биз билбейбиз. Тынчтык бербей, имараттын ары-бери жагын талкалап жатышат. Бизди жаман аттуу кылышууда.

Азыркы убакта ал мекемеде үй-жайы жок, кыйналган адамдар жашап жатышат. Алар батир тапкыча деп ушул жакта баш калкалашууда. Эми жакшы долбоор баштайлы деп жатабыз», - деди ал.

Ал эми Нарын райондук мамлекеттик администрациясы бул имарат боюнча маалыматтары жок экендигин билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×