Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 27.07.2019 12:30

«Бул эмне?»: Аймактагы тургундар асмандан белгисиз кубулушту көрүштү. Видео

Turmush -  Кечээ, 26-июлда саат 21:30дар чамасында Нарын шаарынын тургундары шаардын түндүк-батыш тарабынан тегерек формасында бир кубулушту көрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Асмандан алгач тегерек формасында кичирээк жарык көрүндү. Андан кийин ал чоңоюп, экиге бөлүндү. Бул кубулуш болжол менен 10-15 мүнөттөй туруп, туман сыяктуу тарап кетти», - деп билдиришти тургундар.

Аталган кубулуш бир эле Нарын шаарында эмес, башка облустарда дагы көрүнгөн. Социалдык тармактардын колдонуучулары тегерек формасындагы кубулушту сүрөткө жана видеого тартып, «бул эмне болгон кубулуш?» деген суроону берип жатышат.

Сүрөттөрдү аймактардан окуянын күбөлөрү жиберишти

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×