Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 27.07.2019 12:00

«Иттер үчүн бекер фуршет»: Нарында А.Бердигулова оорукананын айланасы жыйналбаганына нааразы

Turmush -  Нарын облустук бириктирилген оорукананын айланасы жана жанындагы арыктар таштандыга толуп, иттер ошол таштандыдан тамактанып калышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдан ооруканага баласын дарылатууга келген Асыл Бердигулова билдирди.

«Мен ооруканага тез-тезден келип, уулумду көрсөтүп турам. Албетте, баарыбыз эле медицина десе эле ден соолук, тазалыкты түшүнөбүз. Бул оорукананын айланасын базардын аймагы же каралбаган жер деп түшүнсөк болот. Бул аймактан эки жума мурун эле ушул таштандыларды көргөм. Келген сайын карап, качан тазалашат деп коем. Албетте, тазалык бир гана медицина кызматкерлерге же тазалык мекемесине керек эмес. Бул баарыбызга керек. Ошентсе да бул оорукана болуп жаткандан кийин тегерек-четинин тазалыгына дагы көз салып туруш керек го.

Өткөндө кардиология бөлүмүнөн 2 кызматкер чыгып, гүлдөрдүн отоо чөбүн жолдун жээгине төгүп кетишти. Аларды видеого тартууга үлгүрбөй, ташталган отоо чөптү гана тарттым. Тазалыкты ошолор биринчи караш керек болчу. Бүгүн дагы өтүп бара жатып карасам, арыктагы таштанды ошол боюнча турат.

Андан сырткары «Тянь-Шань» паркынын айланасын айтпай эле коеюн. Ичи таза болсо керек. Бирок сырты таштандыга толуп, жада калса иттер таштандадан тамактанчу жерге айланып калыптыр. Жолдун жээгинде бир таштанды урна бар эле. Азыр жок экен. Ошол урнанын ордунда таштанды жайнап жатат. Шаардын тазалыгын караган ишкана буларга көз жумуп койбой, көзөмөл кылып турушса болмок», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×