Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 27.07.2019 09:59

Нарын шаарынын тургундары базардагы баш аламандыкка нааразы. Видео

Turmush -  Нарын шаарындагы борбордук базарда жай мезгили келгенден бери баш аламандык өкүм сүрүп келет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаар тургундары билдиришти.

«Базарга кетүүчү А.Шуллер көчөсүн соодагерлер толуп алышкан. Бири жер-жемиш сатышса, дагы бири кийим-кече сатып, айтор ал жерге барсаң баш аламандык өкүм сүрөт. Айрыкча тургундарды түйшөлткөн жагдай — көчөдөн басып өтө албайсың. Жеңил унаалар тыгылышып, жөө адамдардын ээн басышына мүмкүнчүлүк бербейт. Соодагерлер өзүм билемдик менен каалаган жерлеринде соода кылып отурушат. Белгиленген чектен чыгышып, бардыгы бири-бирине атаандашып, деги эле мыйзамды сыйлашпайт. Соодагерлерге кайрылсаң, «тиги деле отурбайбы. Менин андан эмнем кем» дешип сөзүңдү угуп да койбойт.

Жергиликтүү бийликтегилер базарды иретке келтирүүнүн аракетин көрүп келишет. Бирок майнап чыкпай келет. Автоунаалардын ээлери болсо жол белгилерине баш ийишпей, каалаган жерге токтотуп кетип калышат. Башка унаалар чыга албай эки-үч сааттап турушат», - деди шаар тургундары.

Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси Нурлан Кайыпов буларга токтолду.

«Биз муну жөнгө салуу үчүн Шуллер көчөсүндөгү каттамды эки тараптуу кылабыз. Шуллер көчөсү менен Орозбак көчөсүнүн кесилишине жол чырак коюлат. Ошондо баш аламандык жоюлуп, соодагерлер каалаган жеринде соода жүргүзө албай калышат. Анткени ал жерден автоунаалар менен жөө адамдардын өтүшүнө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул иштер келерки жумада ишке ашырылат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×