Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 26.07.2019 11:52

Нарында айдоочуга тоскоол болгон жарнактарды алуу боюнча эскертүүлөр берилди

Turmush -  Нарын облусунда туура эмес жайгашкан көрнөк-жарнактарды алуу боюнча эскертүүлөр берилди. Бул тууралуу Нарын облусу боюнча ЖКККБнын штабынын инспектору, милициянын капитаны Калыс Өмүрзаков билдирди.

2019-жылдын 22-июлунан 25-июлуна чейин «Жарнама такта» аталыштагы рейдди өткөрүү учурунда Нарын облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан Нарын облусунун аймагындагы унаа жол жээгинде туура эмес жайгашкан көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү жана жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жараткан соода түйүндөрүн алдыруу боюнча иш-чаралар аткарылды. Жыйынтыгында Бузуулар кодексинин 120-беренесинин негизинде 7 протокол түзүлүп, туура эмес жайгашкан көрнөк-жарнактарды алдыруу боюнча 36 жаранга эскертүү берилди.

Иш-чарага Нарын шаардык муниципалдык мекемесинин жана айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери да катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×