Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 26.07.2019 09:08

Нарында жыл башынан бери 42 өрт кырсыгы катталган

Turmush -  Нарын облусунун аймагында жыл башынан бери 42 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу Нарын облусунун 6 ай ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча өткөн коллегиялык жыйында айтылды.

Өрттөн кийинки экономикалык чыгымдар 1 миллион 862 миң 786 сомду түзгөн. Өрт убагында өздүк курамдын күчү менен 23 миллион 530 миң сомдук материалдык байлыктар сакталып калды.

«Жашыл» долбоор аркылуу кооптуу делген 8,48 гектарга 8024 түп көчөттөр отургузулуп, 54 турак жай, 20 га жер аянттары, 750 метр унаа жол корголуп, 389 миң 528 сомдук жумуштар аткарылган.

ӨКМ тарабынан аба ырайынын өзгөрүшү тууралуу 6 ай ичинде 48 жолу шашылыш эскертүүлөр берилгендигине карабастан жергиликтүү бийлик тарабынан чара көрүлбөй, июль айында Нарын шаарында 12 турак үйдүн короолоруна, чарбалык курулуштарына суу кирген. Ушундай эле кырдаал Нарын районунун Жалгыз-Терек айылында катталып, суу 15 турак жайдын, 1 орто мектептин короолоруна кирген. Мындан сырткары селден коргоочу дамбанын 50 метр, жол каттамынын 20 метр аралыгын зыянга учураткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×