Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 25.07.2019 08:15

Нарын облусунда мас абалда унаа башкарган 7 айдоочу кармалды

Turmush -  Нарын облусунун аймагында өткөн рейдде жол эрежесин бузган 397, анын ичинен мас абалдагы 7 айдоочуга протокол түзүлдү.

Маалым болгондой, Нарын облустук ЖКККБнын кызматкерлери «Караңгылатуу» аталышында рейд өткөрүштү. Рейд учурунда жол эрежесин бузган, мас абалдагы жана терезесин караңгылаткан айдоочуларга протоколдор түзүлдү.

«Жол кырсыктарын алдын алуу максатында ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан рейд өткөрүлдү. Рейд убагында жол эрежесин бузган 397 айдоочуга, анын ичинен спирт ичимдигин ичип автоунаа башкарган 7 айдоочуга жана автоунаасынын алдыңкы терезесин караңгылаткан 4 айдоочуга протоколдор түзүлдү», - дейт Нарын облустук ЖКККБнын инспектору, милициянын капитаны Калыс Өмүрзаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×