Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 24.07.2019 15:42

Нарында милиция кызматкерлерине кызматтык унаа, компьютер жана формалар тапшырылды

Turmush -  Нарын ОИИБдин жыйындар залында 6 айдын жыйынтыгы чыгарылып, кызматкерлерге кызматтык унаа, компьютер жана формалар тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 24-июлда Нарын облустук ички иштер органдарынын укук бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча кеңешме болуп өттү. Кеңешмени Нарын ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Уланбек Аалиев ачып, кызматкерлерге Ички иштер министрлиги тарабынан келген кызматтык автоунаа, форма жана 12 даана компьютерди тапшырды.

Иш-чарага шаар, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчылары катышып, аткарылган иштер боюнча маалыматтар берилди. Жетекчилик тараптан айрым кемчиликтерге чара көрүү керектиги айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×