Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 23.07.2019 13:52

Нарында муниципалдык жерде жайгашкан жайлар текшерилип жатат

Turmush -  Нарын шаарындагы муниципалдык менчик жерде жайгашкан жайлар текшерилип баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү ишканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, Нарын шаардык мэриясынын «2017-2020-жылдарга карата Нарын шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиялык программасын ишке ашыруу жөнүндө» буйругун аткаруу максатында Нарын шаары боюнча муниципалдык менчик жерде жайгашкан күркөлөр, дүкөндөр, автоунаа жуучу, май куюучу жана май алмаштыруучу жайлар, вулканизациялардын укук аныктоочу документтерин, салык жана ижара акыларын текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эгерде аталган жайлардын тиешелүү документтери жок болсо, ижара жана салыктар төлөнбөсө, анда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айып салуу иштери жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×