Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 22.07.2019 18:45

Нарында милицияда иштеген 3 кызматкер ардактуу эс алууга узатылды

Turmush -  Бүгүн, 22-июлда Нарын ОИИБде 3 кызматкер ардактуу эс алууга чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын оперативдик нөөмөтчүсү, милициянын майору Кудайберген уулу Жандар, Нарын ОИИБдин тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары, өзгөчө маанилүү иштер бөлүмчөсүнүн жетекчиси, милициянын майору Шаршенбаев Абдылда Изаматович жана Нарын ОИИБдин милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын командири, милициянын улук прапорщиги Шеримбаев Мухтар Жумадилович ардактуу эс алууга чыгышты.

Ардагерлердин ар бирине сыналгы белек кылынып, ак калпак, чепкен кийгизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×