Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 22.07.2019 18:00 На русском

Нарында милиция кызматкерлеринин таяк тартыш, чоюн көтөрүү жана аркан тартыш боюнча мелдеши өттү

Turmush -  Бүгүн, 22-июлда Нарын шаарында милиция кызматкерлеринин арасында таяк тартыш, чоюн көтөрүү жана аркан тартыш боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, мелдешке Нарын ОИИБдин, шаар жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышты. Жыйынтыгында жалпы командалык эсепте 1-орунду Нарын ОИИБдин кызматкерлери, 2-орунду Нарын ШИИБдин кызматкерлери, 3-орунду Ат-Башы РИИБдин кызматкерлери ээлешти.

1-орунду алган кызматкерлер ИИМдин 24-июлда Чолпон-Ата шаарында өтө турган мелдешине катышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×