Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 19.07.2019 15:50

Нарын шаарынын Жаңы-Жол аймагына түнкү чырактар орнотулду

Turmush -  Нарын шаарынын Жаңы-Жол аймагына түнкү чырактар коюлуп, жарыктандырылды. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов аймактык кабарчыга билдирди.

«Нарын шаарынын бюджетинен 950 миң сом бөлүнүп, узундугу 3350 метр жолго 66 даана түнкү чырак, 10 прожектор, 67 түркүк орнотулду. Жол чырактарды монтаждоо, түркүктөрдү орнотуу иштери «Таза Нарын» ишканасынын жумушчулары тарабынан аткарылды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×