Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 15.07.2019 15:03

Таласта зордукталган Калиядай тагдырлар көп, бирок... - «Теңдеш» коомдук уюму

Turmush -  Бүгүн, 15-июлда саат 09:00дө АКИпресс-Нарында «Теңдеш» ​ коомдук уюму «Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган адамдарга кимдер жардам көрсөтөт жана кандай жардамдар берилет?» деген темада маалымат жыйын өткөрдү.

Жыйынга «Теңдеш» коомдук уюмунун жетекчиси Света Саякбаева, аталган уюмдун юристи Гүлжан Төкөлдөшева жана социалдык кызматкер Асыл Султанбекова катышты.

Юрист Гүлжан Төкөлдөшева «Теңдеш» коомдук уюмунун ишмердүүлүгү тууралуу айтып, учурда уюмга жабыркаган аялдар гана эмес, эркектер дагы кайрылып жатканын билдирди.

«Теңдеш» коомдук уюму 1997-жылы уюшулган. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы багытталган иштерди алып барган уюм болуп эсептелинет. Негизги максаты — үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка ​ дуушар болгондорго комплекстүү (юридикалык, психологиялык, медициналык, кеңеш берүү) жардамдарды көрсөтүү.

Жыйырма жыл ичинде уюмга зордук-зомбулукка кабылган 15 миңге чукул адам кайрылган. Акыркы бир жыл ичинде 357 аялга маалыматтык жолугушуулар өткөрүлүп, анын ичинен 63 аялга комплекстүү жардамдар көрсөтүлгөн.

«Азыр биз Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасын өркүндөтүү концепциясынын негизинде жактоочулар менен чогуу иштерди алып барабыз. Мындан сырткары биздин уюм Нарын облустук ички иштер башкармалыгы, райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, Нарын райондук аймактык ооруканасы менен иш алып барабыз», - деди Гүлжан Төкөлдөшева.

Аталган уюмдун жетекчиси Света Саякбаева Таласта өз тагдырын коомчулукка ачык айтып, зордуктагандарды жоопко тартуу үчүн калыстык издеп жаткан Калиядай аялзаты эл арасында бар экенин айтты.

«Таластык келин өзүнүн укугун коргоп, соту ушул күнгө чейин созулду. Ал сот аткаруучулар тарабынан зордукталып сабалган экен. Жогорку соттун бүгүнкү чечими зордукчуларды актап, мындай жаман ишке кабылган аялзатына “чыдагыла, мамлекет силерди коргобойт!” деп коңгуроо кылып жаткандай.

Мындай окуя бизде да катталган. Бирок уялып, тактап айтканда кадыр-баркынан кооптонуп, кайра артка чегинип коюшкан.

Зордуктоого кабылган аялдар көп. Тагдырын эч кимге айта албай оорукчан болуп, чүнчүп жүргөндөр ондоп саналат. Ушундай көрүнүшкө кабылгандар биздин уюмга кайрылса жакындан жардам көрсөтүүгө даярбыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×