Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 26.09.2019 23:58

Адистердин кеңеши: Ымыркайды жуунтуудагы коркунучтарды кантип алдын алат?

Turmush -  Ымыркайды туура сууга, туура бөлмө табында жана самынды туура тандап, ыңгайлаштырып кармап жуунтуу керек. Бир айга чейинки ымыркайды жуунтуу ыкмасы жөнүндө Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын ара төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Арзыгулова айтып берди.

Самынды туура тандоо керек

- Бир айга чейинки баланы биз ымыркай деп айтабыз. Бул убакта сууну кайнатып, кайра аны мелүүн кылып, дененин температурасына ылайыктап (36,7-36,8 градуста) жуунтса болот. Самынды да туура тандоо керек. Көбүнчө самындар ар кандай чыгып жатат. Колдон келсе дарыканадан алыш керек. Ал жерде баары таза, сакталышы да каралат. Базарларда болсо чаң болот.

Баланы жуунтуу учурундагы коркунучтарды алдын алуу

- Бизге көп учурда баланы киринтип жатып тумчуктуруп же бетине самын сүйкөп алдым деп келишет. Баланы чөктүрүп жибербей, чалкасынан сууга салып, акырындык менен киринтүү керек. Чайкаганда баланы көмкөрөсүнөн алуу керек. Мурдуна суу кирип кетсе бала көгөрүп калат. Ошондуктан кылдаттык менен жуунтуп, этият болуу зарыл. Эгерде эненин колу самын болсо, бала тайгаланып түшүп кетиши мүмкүн. Сууну да абайлап куюу керек. Шар куюп жиберсе бала тумчугуп кетиши мүмкүн.

Бөлмөнүн температурасы 23-25 градус болушу керек. Өтө деле ысытып жибербеш керек, себеби ымыркайдын дене табы көтөрүлүп кетет. Өтө муздак болсо гипотермия болуп кетиши мүмкүн. Ал убакта бала үшүп калып, эмчек эмбейт. Башка ооруларды да чакырышы мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×