Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Нарын облусу, Нарын 11.01.2019 08:37 На русском

Президентке кат жазган нарындык окуучуларга жаңы жылдык белектер берилди (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарындагы мектептин окуучулары жаңы жыл алдында президентке өз кыялдарын орундатуу максатында кат жазышкан. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Катта алар өлкө башчыга ден соолук, ишине ийгиликтерди каалап, өз кыялдарын орундатууну суранышкан. Президент алардын тилектерин орундатып, өзүнүн белектерин салып жиберген.

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов кат жолдогон беш окуучуну ата-энелери менен кошо кабыл алып, балдарга кең келечек, окууларына ийгиликтерди каалап, белектерди тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×